Ат-Башы районундагы мектептер онлайн окууга которулду

13:12, 17 января 2023, Бишкек - 24.kg

17-январдан тарта Ат-Башы районундагы мектептер онлайн окууга которулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. 

Кыштын ызгаарына байланыштуу райондогу 21 мектеп онлайн иштей баштайт. 

Бала бакчалар боюнча чечим кабыл алына элек.