32 жаштагы Набизада талибдер кабыл алган жаңы мыйзамдарга ачык каршы пикирин айтып келген. Ал аялдар менен кыздардын билим алуусуна салынган тыюуну жана башка адам укуктары бузулган учурларды сындаган.
Кабул полициясынын маалыматына караганда, 15-январдагы кол салууда Мурсал Набидзада менен бирге анын жан сакчысы да өлтүрүлгөн.
Эл аралык коомчулук бул окуяны айыптоодо. Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.
2021-жылдын жайында бийликке келген талибдер аялдардын укуктарын тебелеп, катуу чектөөлөрдү киргизип келе жатышат.
Аларкыздардын орто мектептерде жана жогорку окуу жайларда окуусуна тыюу салган. Мындан тышкары бейөкмөт уюмдарда аялдардын иштешин чектеген.
Талибдердин кысымына, коркутууларына, күч колдонуусуна карабай оогандык кыз-келиндер укуктарын коргоп нааразылык акцияларын утур-утур өткөрүп келишет.