15:46, 16 января 2023, Бишкек - 24.kg
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин айтымында, Кыргызстанда үч уюшулган кылмыштуу топ бар. Алар Алмаз Бокушев, Камчы Көлбаев жана Азиз Батукаевдин топтору.
Оштогу адам өлтүрүүгө ал топтордун ортосундагы талаш себеп болду.
«Каза болгон жана жаракат алган адам дагы уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү. Алардын биринин жетекчиси жоопко тартылат. Ар бир ири топтун ичинде келишпестиктер бар. Кадырбек Досонов Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсү», — дейт Нурбек Абдиев.