14:00, 27 января 2023, Бишкек - 24.kg , Гульмира МАКАНБАЙ КЫЗЫ
Учурда өспүрүмдөрдүн жашоосун телефон, планшет, компьютер, социалдык тармактарсыз элестетүү мүмкүн эмес. Гаджеттер менен бөбөктөр мультфильм көрүп, жеткинчек жана өспүрүмдөр ойноп, түрдүү маалымат алышат.
Санарип каражаттар бир жагынан балдардын аң-сезимин, ой жүгүртүүсүн, эс тутумун өрчүтсө, экинчи жагынан смартфонго болгон көз карандылыгы күчөп, коомдон четтетип, агрессия же ашыкча түнт болуп кетишине шарт түзөт.
24.kg маалымат агенттигинин журналисти балдардын гаджеттерге көз карандылыгы эмнеден пайда болот, ал ден-соолукка кандай таасир этип, андан кантип арылса болот деген жана башка суроолорго врач-психиатр Уулкан Итикуловадан жооп алды.
— Эгерде бала жасалма аутизацияга дуушар болсо, сүйлөгүсү жана балдар менен ойногусу келбесе, айлана-чөйрөдөн обочолонуп калса, биринчи кезекте ата-энеси үлгү болуп, өзү телефондон арылышы керек. Телефон жалгыз гана сүйлөшүү үчүн колдонулсун. Жумуштан келдиби, смартфонду ташташ керек. Шыңгыраса сүйлөшүп, кайра коюп коюу шарт. Бүт көңүлүн балага буруу зарыл. Эгерде бир күндө балага 15 мүнөттөн көңүл бурсаңыз сиз идеалдуу ата-эне болосуз. 15 мүнөт эч нерсе менен алектенбейсиз — тамак жасабаңыз, телефонду да кармабайсыз. Сиз жана бала гана болсун. Көңүлүңүздүн баарын балага бурасыз. Эгерде сиз күнүнө үч жолу, суткада 45 мүнөт көңүлүңүздү балага бурсаңыз анда сиз мыкты ата-эне болосуз.
— Кээде өспүрүмдөрдү кичүү балдарды бактырып коет экен. Баласын багуучу адамды жалдоодо ата-энелер эмнеге көңүл буруусу зарыл?
— Өспүрүмдөрдү бала менен калтырган учурлар бар. Бизде бала багуучу бар дейт. Ал ким десең, «тууганыбыздын кызы, 9—классты бүтүп келди. 7 миң сом беребиз, биз менен жашап, балабызды багат» дейт. Ал бала багуучу эмес, ал жөн гана баланы караган адам.
Бала багуучу адамды билимине карап алуу керек. Ал адам ата-эне менен келишим түзүп, баланы тарбиялоодо атайын программасы болуусу абзел. Тагыраак айтканда, бала менен тигил же бул нерселерди жасайм, аны өнүктүрөм, мынча убакытты сейилдөөгө, ойноого, сүрөт тартууга кетирем деген программасы менен келиши керек. Антпесе азыр балага тамак берет, анан телефон карматып коюп, өзү да соцтармактарда отура берет. Анан албетте бөбөктө көз карандылык пайда болот да.