Акимчиликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, палоо 12-январдан 16-январга чейин баш калаадагы банкеттик залдарда таратылат.
Мекеменин Telegram-каналына бекер палоо кайсы убактарда жана кайсы банкеттик залдарда берилери тууралуу маалымат жарыяланды.
Ошол эле маалда акимчилик беш күндүн ичинде ар бир банкеттик залда канча килограммдан күрүч даярдалып, кандай шартта таратыла турганын так билдирген жок. Мындан тышкары бул үчүн канча каражат бөлүнгөнү да айтылган жок.
Узгидрометтин маалыматына караганда, 10-январдан бери өлкөдө абанын температурасы түнкүсүн −17, күндүз −10 градуска чейин төмөндөдү.