«Вечерний Бишкек» Kaktus.media сайтын сотко берди

14:41, 13 января 2023, Бишкек - 24.kg

«Вечерний Бишкек»  басылмасы Kaktus.media сайтын сотко берди. Доо арыз Биринчи май райондук сотуна жолдонду. 

Басылма 50 миллион сом талап кылууда. Анын 25 миллион сомун журналист Диля Юсуповадан, башкы редактор Наталья Тимирбаевадан жана негиздөөчү Дина Масловадан талап кылууда. Доонун калган жарымын сайтын өзүнө коюлуп, «Вечерний Бишкек» боюнча жарыяланган маалыматты төгүндөө талап кылынууда. 

Арызда «Вечерний Бишкек» басылмасынын жабылышы тууралуу маалымат чындыкка дал келбестиги айтылат.