10:56, 13 января 2023, Бишкек - 24.kg
Активист Адилет Балтабай беш жылга эркинен ажыратылды. Тийиштүү чечим кечээБишкек шаардык соту кабыл алды.
Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегиясынын 12-январдагы өкүмү менен Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 11-ноябрындагы өкүмү өзгөртүлгөн. Өкүмдүн корутунду бөлүгүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренеси («Пробациялык көзөмөлдү колдонуу») алып салынды. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөрүүсүз калтырылды.
Адилет Балтабай сот залында камакка алынды.