10:18, 13 января 2023, Бишкек - 24.kg
Мурдакы президент Аскар Акаевге карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокуратуранын эл аралык укук башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Акматов билдиди.
Анын айтымында, кылмыш иши боюнча жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу иш токтотулду.
Аскар Акаевге «Кумтөр» кени боюнча иш козголгон.
Аскар Акаев 2022-жылы Бишкекке келип, УКМКга сурак берип кеткен.