Кыргыз билим берүү академиясы келерки окуу жылына жаңы сабактын мазмунун даярдады. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов билдирди.
Анын айтымында, үч сабакты бириктирүү каралууда. Жашоо коопсуздугунун негиздери, адеп, мекен таануу сабактарынын материалдарын камтыган бир сабак өтүлөт.