COVID-19. Россияда омикрондун жаңы түрү катталды

14:46, 12 января 2023, Бишкек - 24.kg

Россиянын Пенза облусунда омикрондун жаңы түрү — «Кракена» катталды.

Маалыматка караганда, азырынча вирустун бул түрү бир гана адамдан аныкталды.

«Кракен» COVID-19дун башка түрү тездик менен жайылары айтылууда. Бирок, аны менен жеңил ооруп, тез айыгары белгиленет. Медиктердин айтымында, көпчүлүк «Кракенди» жугузганын байкабай дагы калат. Ал АКШ, Улуу Британия өлкөлөрүндө таркап жатат.