Кыргыз тигүүчүлөрү Россияга 170 миллион долларга товар жөнөтүштү

11:17, 12 января 2023, Бишкек - 24.kg

2022-жылдын 9 айында кыргыз тигүүчүлөрү Россияга 170 миллион долларга товар жөнөтүштү. Бул тууралуу «Мир 24» телеканалы билдирет.

Адистердин билдирүүсүндө, Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагы европалык бренддердин ордун басууда. Россияда «Кыргызстанда тигилген» товарларды интернет дүкөндөрдө, сапаттуу кийимдер сатылган жайлардан дагы сатып алууга болот.