Бишкекке 20 жаңы автобус келди

13:16, 11 января 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекке 20 жаңы автобус келди. Бул тууралуу ордо калаанын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, ал газ кыймылдаткычы менен. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган, анын 26сы орундук, 1 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адам үчүн орундук.

Эске салсак, Садыр Жапаровдун буйругу менен автобустарды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн.

Жакында борборго дагы 120 автобустун келүүсү күтүлүүдө.