Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды

15:27, 10 января 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту шаардын борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салды.

Маалыматка караганда, митинг жана акцияларды өткөрүүгө чектөө 31-мартка чейин күчүндө болот.

Биринчи май районунун аймагында бир гана Максим Горький паркында митинг өткөрүүгө болот.