14:32, 10 января 2023, Бишкек - 24.kg
Бишкекте митингге чыккан жарандар кармалды.
Бүгүн Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалган активисттердин туугандары ИИМдин алдына чогулуп, өкмөт үйүнө чейин жөө жүрүш жасамакчы болушкан.
Аларды милиция кармап, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына алып кетишти.
Кармалгандардын басымдуу бөлүгү аял, арасында азыр № 1 Тергөө абагында кармалып олтурган активисттердин апалары жана жубайлары дагы бар.