Кытай менен Венгриянын университеттерине кабыл алуу уланууда

11:37, 10 января 2023, Бишкек - 24.kg

Кытай менен Венгриянын университеттерине кабыл алуу уланууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри билдирди. 

Кыргызстандын жарандары Венгриянын ЖОЖдорунда бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа, магистратура жана докторантура программалары боюнча венгр же англис тилдеринде окуй алышат. 

Андан сырткары, Кытайдын жогорку окуу жайларында бакалавриат, магистратура, докторантура программалары жана тил такшалмасы боюнча стажировка өтүү үчүн гранттык орундарга кабыл алуу жүрүүдө. 

Кененирек маалыматты министрликтин сайтынан алууга болот.