Кытайга баруу үчүн жүргүнчүлөргө ПЧР-тест (мөөнөтү 48 саат) жана виза керек.
Uzbekistan Airways компаниясынын сайтындагы маалыматка караганда, билеттин баасы 6,7 млн сумдан (600 доллардын тегереги) башталат. Кийинки каттам 17-январга пландалган. Ай соңуна чейин учактар жумасына бир жолу — шейшембиде учат. Февралдан тарта каттамдар жумасына эки жолу аткарыла баштайт.
Өзбекстан менен Кытай ырааттуу аба байланышынын 2020-жылы февралда коронавирус пандемиясына байланыштуу токтоткон.