Мектептердеги кышкы каникуль 16-январга чейин узартылды

15:46, 09 января 2023, Бишкек - 24.kg

Мектептердеги кышкы каникуль 16-январга чейин узартылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакунов билдирди.

Анын айтымында, буйрук даярдалып жатат.

«Сабактарды онлайн баштоодон баш тарттык. Балдар 16-январда мектепке барышат», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызгидрометтин билдирүүсүндө, 11-январдан тарта күн кескин суутат.