15:31, 09 января 2023, Бишкек - 24.kg
Ырчы Анжелика Кайратованын бир жыл мурда жоготкон саатын Дубай полициясы таап берди. Бул тууралуу Бириккен араб эмиратынын укук коргоо органы маалымдады.
Алардын билдирүүсүндө, 110 миң дирхам ($29,7 миң) доллардык сааты мейманканада калып кеткен.
Полиция Анжелика менен байланыша албай, саатты кайтара алган эмес.
Бир жылдан кийин Анжеликага сааты тапшырылды.