Ала-Тоо аянтында майрамдык концерт өтөт

15:35, 30 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын мэриясы 31-декабрда Ала-Тоо аянтында майрамдык салтанат уюштурат.

Саат 19.00дө концерт башталат.

Коомдук транспорт түнкү 01.00гө чейин иштейт.

Шаардын борборундагы айрым көчөлөрдө унаанын жүрүшүнө чектөө киргизилет.

Шаардыктардын коопсуздугун 1 миң милиция кызматкери камсыздайт.