Садыр Жапаров Абдикарим Алимбаевге генерал наамын ыйгарды

11:34, 30 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаевге генерал наамын ыйгарды.

Наам Ички иштер министрлигинин жаңы казармасын ачуу учурунда тапшырылды.

Генералдык наам ички иштер министринин орун басарлары — Эркебек Аширходжаевге жана Сүйүнбек Ниязбековго тапшырылды. Алар генерал-майор болушту.