Бразилялык футболист Пеле каза болду

10:08, 30 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Пеле 82 жашында каза болду.

Ал 29-ноябрда ооруканага жеткирилген. Маалыматка караганда, Пеле шишик оорусу менен ооруп жүргөн.

Пеле — тарыхта дүйнөлүк чемпионатты үч жолу (1958, 1962, 1970) утуп алган оюнчу.

Бразилиянын курама командасы үчүн ал 77 гол киргизген.