16:04
USD 87.45
EUR 101.83
RUB 1.12

Тажикстанда 15 жаштагы өспүрүм автоматтын огунан каза тапты

Хатлон облусунун Жайхун районунун укук коргоо органдары 9-класстын окуучусунун өлүмүн иликтей баштады.

Маалыматка караганда, өспүрүм 26-декбарда Калашников автоматынан алган жаракатынан каза болгон.

Укук коргоо органдары ок 15 жаштагы өспүрүмдүн сол көзүнө тийгенин белгилейт.

Бул ишке катышы бар деген шек менен 18 жаштагы улан жана жашы жете элек дагы эки өспүрүм кармалды.

Жайхун райондук прокуратурасы 29-декбарда «Озоди» радиосуна Калашников автоматы кайдан алынганы жана 15 жаштагы бала атайлап же кокустан өлтүрүлгөнү аныктала электинин билдирди.

Маркумдун жакындары курал кайдан пайда болгонун билбей турушканын, себеби туугандарынын арасында аскер кызматкери жоктугун, мааледе да эч кимде курал болбогонун айтышууда.

Тажикстанда 1997-жылы жарандык согуш аяктагандан кийин өз ыктыяры менен куралдарды өткөрүп бергендерди кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу кампаниясы жарыяланган. Соңку учурларда Тажикстан ИИМи калктын колунда курал калбаганын кабарлап келген.

Эң көп окулган жаңылыктар