11:51
USD 87.45
EUR 99.28
RUB 1.06

Кыргызстанда акыркы суткада 12 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда акыркы суткада 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 3 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган.

Алсак, Бишкектеги 12-кичирайондун ГСК гараж курулуш кооперативинде жыгач устундуу темир менен жабылган жалпы аянты 25 чарчы метр болгон гараж жана Lexus 570 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Арча-Бешик конушунун Сейдибалы көчөсүндө турак үйдүн короосунда отун жана 2 тонна көмүр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ак-Суу районунун Жергез айылында жалпы аянты 120 чарчы метр болгон бастырма толугу менен жана 150 түк чөп, 150 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар