10:31, 29 декабря 2022, Бишкек - 24.kg
Мамлекеттик кызматкерлер 13-айлыгын ала албай жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, Финансы министрлиги мамлекеттик кызматкерлердин жыл аягындагы маянасы үчүн акча которбой жатат.
«13-айлык корголгон берене. Премиялар берилбегени аз келгенсип, эми бул маянаны дагы кыскартып жатышат», — деди эл өкүлү.