16:40, 27 декабря 2022, Бишкек - 24.kg
Сот залында эс-учун жоготкон Орозайым Нарматовага тез жардам чакырылды.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаардык сотунда Орозайым Нарматованын бөгөт чарасы каралууда. Сот учурунда ал өзүн жоготуп, жерге кулап түштү.
Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасына байланыштуу жактоочулардын арызы каралууда. Биринчи май райондук соту кармалгандарды дагы эки айга камакта калтыруу чечимин кабыл алган.