Баткенде 3 айдан бери 420 үйдүн экөө гана бүткөрүлдү

16:34, 27 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Баткенде 3 айдан бери 420 үйдүн экөө гана бүткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында айтылды.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нуртазин Жетыбаевдин айтымында, Баткенде үйлөрдү куруп жаткан «Аманат Курулуш Инвест» компаниясынын жетекчиси табылбай жатат.

Финансы министрлиги тарабынан курулушка 1 миллиард сом бөлүнгөн.