«Балага сүйүнчү» жөлөк пулу берилбей жатат

15:19, 27 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

«Балага сүйүнчү» жөлөк пулу берилбей жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти.

Окурмандын айтымында, 15-декабрда сүйүнчү пулду алуу үчүн арыз беришкен.

«Бирок Калкты тейлөө борборунда үч күн күткүлө деди. Андан бери 10 күн өттү, бирок дагы эле акча жок. Январда гана болорун айтышты», — дейт ал.

Белгилей кетсек, «Балага сүйүнчү» 4 миң сомду түзөт.