«Мындай чаралар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн, эгемендигин жана бардык жарандарын коргоо, ошондой эле сербдерге каршы террордун алдын алуу боюнча Сербиянын куралдуу күчтөрү көрүп жаткан иш-аракеттерди эң жогорку деңгээлге көтөрөт», — деди министр.
Анын айтымында, өлкө президенти Александр Вучичтин буйругу менен Ички иштер министрлигинин айрым бөлүктөрү да күжүрмөн даярдыкка келтирилип, армиянын штаб башчысына өткөрүлүп берилди.
26-декабрда Косовонун бийлиги өз куралдуу күчтөрүн толук күжүрмөн даярдыкка келтирген. Анда бул чечим Косовонун түндүгүндөгү жана Метохия аймагындагы сербдердин баррикадаларын алууга багытталганы айтылган.