Кыргызстанда папиллома вирусуна каршы кыздардын 65 пайызы эмделди

16:41, 26 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда папиллома вирусуна каршы кыздардын 65 пайызы, же 156,5 миңи эмделди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.

Ош, Талас жана Нарын облусунда өспүрүм курактагы кыздардын 79-85 пайызга чейинки эмдөөдөн өттү. Эң төмөн Чүй облусу (40 пайыз) жана Бишкек (42 пайыз).

Белгилей кетсек, папиллома вирусуна каршы 11-14 жаштагы кыздарды эмдөө 14-ноябрда башталган.