USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

«Хан» аттуу крим чөйрөнүн өкүлү Камчы Көлбаев менен байланыштан баш тартты

16:31, 26 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Кочкор районунун тургуну, «Хан» каймана аттуу крим чөйрөнүн өкүлү кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланыштан баш тартты. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, «Хан» аталган Алмаз Чигентаев 34 жашта. Ал райондо «положенец» катары белгилүү болгон.

Алмаз Чигентаев коомчулуктун алдында эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен байланышынан баш тартты.

УКМКнын билдирүүсүндө, ал мурда кылган туура эмес иш аракеттери үчүн элден кечирим сурап, мындан ары эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө аралашпай, дыйканчылык менен тынч турмуш куруу милдетин алды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика