Бишкекте онлайн тартипте окуу мөөнөтү узартылды

13:50, 23 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги мектептерде онлайн тартипте окуу мөөнөтү 28-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Сасык тумоо жана башка вирустук оорулардын жайылышынан улам Билим берүү министрлиги мектептердеги окутууну онлайн форматта улантуу чечимин кабыл алды. 

Белгилей кетсек, мектептер 19-декабрдан бери онлайн окушууда.