ТИМ Тажикстанга кирүү жана чыгуу маселеси боюнча маалымат же кеңеш алуу үчүн Консулдук департаментине жана Кыргызстандын Душанбе шаарындагы элчилигине кайрылууну сунуштайт.
+996 999 312-002 — ТИМдин Консулдук департаменти (Бишкек шаары);
+992 887 782-223 — Тажикстандагы элчилик (Душанбе шаары).
Быйыл октябрда Кыргызстандын ТИМи кыргыз жарандарын Тажикстандын аймагына киргизбей койгон учурларга байланыштуу бул өлкөгө барбай турууга чакырган. Анда Кыргызстандын жарандарына карата Тажикстанга кирип-чыгуу тартиби өзгөргөнү тууралуу эл аралык келишимдерде бекитилген тартипте маалымат бериле электиги айтылган.
Тажикстан Кыргызстандын ТИМи тараткан билдирүүгө комментарий бере элек.