Азимбек Бекназаров менен Айданбек Акматов ачкачылыкты токтотушту

17:23, 22 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдакы элчиси Азимбек Бекназаров жана журналист Айданбек Акматов ачкачылык кармоону токтотушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, экөө тең ден -соолугуна байланыштуу ачкачылыктан баш тартышты.

Белгилей кетсек, Азимбек Бекназаров менен Айданбек Акматов № 1 Тергөө абагында кармалууда.

Бийликти басып алууга аракеттенүү айыбы менен кармалгандардын 17си ачкачылык жарыялашкан.