11:02, 22 декабря 2022, Бишкек - 24.kg
Кытайдан импорт 2022-жылы 2,2 эсеге өстү. Бул тууралуу Кытайдын Бажы башкармалыгы билдирет.
Алардын маалыматында, январь-ноябрь айларында Кытайдан Кыргызстанга импорттолгон товар 13,7 миллиард долларды түздү. Өткөн жылдын бул мезгилинде импорт - 6,2 миллиард доллар болгон.
Кытайдан төмөнкү товарлар жөнөтүлгөн:
• кийим-кечек — $6,4 млрд;
• бут кийим — $1,7 млрд;
• электрлик жабдуулар — $792 млн;
• механикалык жабдуулар — $586 млн;
• автомобиль жана тетиктер — $574 млн;
• химиялык заттар — $367 млн;
• тери буюмдары — $354 млн;
• желим буюмдар — $238 млн;
• оюнчуктар — $235 млн жана башка.