Таластын Кара-Буура районуна Чыңгыз Айтматовдун ысмы ыйгарылды

10:41, 22 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеш экинчи окууда Нарын, Талас жана Ош облусундагы айрым айылдардын аталышын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алды.

Ага ылайык Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагы Ормон хан айыл аймагы, Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылы Кайрагач айылы, Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чимгент айылы Чолпонбай айылы жана Талас облусунун Кара-Буура району Айтматов району деп кайра атоо сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Дастанбек Жумабеков жер-суу аталыштарын өзгөртүү сунушун колдоп, Бишкек шаарынын бир районуна да Чыңгыз Айтматовдун атын берүү демилгесин көтөрдү.