Орусияда түрмөдө отурган эки тажикстандык Украинадагы согушта каза тапты

09:18, 22 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Акыркы он күндө Хатлон облусуна Орусиядан эки сөөк жеткирилди. Маркумдардын жакындарынын айтымында, алар Орусия түрмөлөрүндө отурушкан, бирок белгисиз жагдайларда Украинага барышкан жана согушта өлүшкөн.

22 жаштагы Бобоазиз Туйдиев 2021-жылы сентябрда маңзат сактоо шеги менен кармалып, алты жылга эркинен ажыратылган.

Маркумдун атасы Тохир Туйдиевдин айтымында, уулу быйыл 23-сентябрда телефон аркылуу байланышып, согушка алып кетип жатканын айткан.

«Мен алар жөнөтүлбөшү керектигин айттым, бирок Бобоазиз башка чарасы жоктугун билдирди. Күч менен согушка жөнөтүп жатышканы сезилип турду», — деди ал.

Маркум Манучехр Шодовдун атасы Хокимшо Шодов уулу 28 жашта болгонун айтып, эмне себептен соттолгонун кеп кылган жок: «Согушка алып кетишкенин бизден жашырышты. Азыр эч нерсе айта албайм, дооматым деле жок, уулумду өлтүрүштү».

«Медиазона» басылмасы Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын статистикасына шилтеме берүү менен 2022-жылы Орусия түрмөлөрүндө отургандарын саны 23 миң кишиге кыскарганын жазды. Басылма бул көрсөткүчтү «ЧВК Вангера»- «Вангердин жеке аскердик компаниясы» абактагыларды согушка азырып кеткенип жатканы менен түшүндүрдү.

Мобилизация жарыяланган күндөн бери Орусиянын армиясына Орто Азия жарандарынан же кош жарандыгы бар адамдардан канчасы чакырылганы белгисиз.