Таласта мектеп окуучусу өз өмүрүнө кол салды

10:31, 20 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Таластын Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында 17-декабрь күнү 14 жаштагы өспүрүм өз өмүрүн кыйды. Бул туууралуу жергиликтүү милиция билдирди.

Маалыматка караганда, мектеп окуучусу үйдүн артында асынып каза болду.

Анын сөөгү 18-декабрда жерге берилген. Ал эми окуя боюнча жакындары эч кимге арыз-дооматы жоктугун билдирген.