Анда өлкөнүн Конституциясына ылайык, президент адамдын жана жарандын укугунун гаранты экени эске салынган жана анын айткандары сынга алынган.
«Жалпы эл, камалгандар сизден акыйкаттуу, мыйзамдуу чечимди, көз карандысыз пикирди, Кемпир-Абад ишине байланышуу камалгандардын бузулган конституциялык укуктарын жана кызыкчылыктарын калыбына келтирүүнү күтүп жатканда сиз адепке жат, кесипкөй эмес, осол билдирүүңүз менен кыргыз энелеринин үмүтүн жана жүрөгүн жараладыңыз. Кырдаалга акыл калчап, көз карандысыз жана кесипкөй баа берүүнүн ордуна сиз айыптаган позицияга өтүп алдыңыз. Сиз камалгандардын ата-энелерин «туура эмес тарбия берген» деп күнөөлөдүңүз. Сиз кызылдай текеберчиликти көрсөттүңүз. Муну менен демократиянын, сөз эркиндигинин демин буудуңуз. Биз, Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын жактоочулары сизди мындан ары кармалгандардын тарбиясы тууралуу комментарий берүүдөн, алардын аракеттерин баалоодон карманууга чакырабыз. Күнөөсүздүк презумпциясын эч ким жокко чыгарган эмес«,-деп жазылган кайрылууда.
Садыр Жапаров жана анын администрациясы бул билдирүүгө азырынча комментарий бере элек.
Президент 17-декабрда «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселесиабакта жаткандардын «төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон» деп эсептерин айткан.