13:00, 19 декабря 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы «Евразия» кинофестивалында Гран-прини жеңип алды. Бул тууралуу кинофорумдан билдиришти.
Кинофестиваль Алмата шаарында өттү. Ага Франция, Чехия, Түркия, Украина, Грузия, Россия, Эстония, Кытай, Казакстан жана Өзбекстандан киночулар катышкан.