Министрлер кабинети казинолор төлөй турган салыктын өлчөмүн бекитти
11:52, 16 декабря 2022, Бишкек - 24.kg
Министрлер кабинети казинолор ар бир үстөл үчүн төлөй турган салыктын өлчөмүн бекитти.
Ага ылайык:
- 2022 -жылы— 450 миң сом;
- 2023 -жылы— 600 миң сом;
- 2024 -жылы — 750 миң сом.
Бир оюн компьютери, автоматы үчүн:
- 2022-жылы — 10 миң сом;
- 2023-жылы — 15 миң сом;
- 2024 -жылы— 20 мин сом.