ЖОЖдордун мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу аземи болот

11:27, 16 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда республиканын жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт.

Түз чагылдыруу саат 15:00дө башталат.