Кыргызстанда 509 мектеп карантинге жабылды

15:49, 15 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда балдар арасында курч респиратордук жугуштуу оорулар көбөйгөндүктөн, 509 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты.

«15-декабрга карата карантинге жабылган мектептердин саны 509 болду. Биз күнүгө мектептердин санын тактап, эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөп жатабыз», — деди Ашымбаева.

Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргызстанда соңку аптада сасык тумоого чалдыккандар дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн кабарлаган. Ооругандардын 70% чукулу 14кө чыга элек балдар. Бишкек шаары менен Чүй облусундагы балдар ооруканаларында кошумча 200 орун ачылды.