«15-декабрга карата карантинге жабылган мектептердин саны 509 болду. Биз күнүгө мектептердин санын тактап, эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөп жатабыз», — деди Ашымбаева.
Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргызстанда соңку аптада сасык тумоого чалдыккандар дээрлик 1,5 эсе көбөйгөнүн кабарлаган. Ооругандардын 70% чукулу 14кө чыга элек балдар. Бишкек шаары менен Чүй облусундагы балдар ооруканаларында кошумча 200 орун ачылды.