Кыргызстанда чочко тумоосунун 118 учуру катталды

15:58, 14 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда чочко тумоосунун 118 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Октябрдан тарта алынган 1 миң 149 анализден 118 чочко тумоо аныкталды.

COVID-19 вирусунун 38 учуру белгиленди.

Министрлик коронавирус инфекциясынын жайылышы басаңдап бара жатканын белгилейт.