13:35, 14 декабря 2022, Бишкек - 24.kg
Опузалап пара талап кылуу айыбы менен Д.С.М. аттуу активдүү интернет-блогер кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, блогер социалдык түйүндөрдө интернетте ар кандай чагымчыл макалалардын жарыяланышын токтоткондугу үчүн Ала-Бука райондук мамлекеттик мекемесинин жетекчисинен опузалап акча талап кылган.
Ал 12-декабрда 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган.