13:27, 14 декабря 2022, Бишкек - 24.kg
УКМК эл аралык террористтик уюмдун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Кармалган кыргыз жараны 2009-жылы Ооган-Пакистан конфлигинин аймагына кетип, ал жерден Өзбекистан ислам кыймылы «ӨИК» эл аралык террористтик уюмдун катарына кошулган, «Ислам мамлекети» эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсү болот.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, кармалган адам интернет мейкиндиктеринде «ИМ» ЭТУнун ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн медиа-террордук иш-аракеттерди да жүргүзүп келгендиги аныкталды.