Бишкекте 11 айда жол кырсыгынан 50 адам каза болгон

10:47, 14 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Бишкек шаарында 2 миң 593 жол кырсыгы катталган. Андан 50 адам каза болсо, 3 миң 374 киши жабыркаган. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалардын кагылышынан, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыгынан жана автоунаалардын жолдон чыгып кетүүсүнүн кесепетенин адам өлүмдөрү катталган.