15:42, 13 декабря 2022, Бишкек - 24.kg
Шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов мектептерди карантинге жабууну сунуштайт.
Анын айтымында, сасык тумоо менен ооруган балдардын саны күн санап өсүүдө. Ал жарандарга коомдук жайларга барбай туруу кеңешин берет.
«Вирус аба аркылуу жугат. Мектептер карантинге жабылса жакшы болмок», — дейт Акылбек Маманов.
Инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев шаардагы балдар аянтчаларын убактылуу жабууну сунуштайт. Анын айтымында, вирус көп учурда оюн аянтчаларынан жугууда.