Ноокат районунда мектеп окуучусу асынып алды

15:21, 13 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Ноокат районун Көк-Жар айылдык аймагында мектеп окуучусу асынып алды. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

15 жаштагы өспүрүмдүн асынып турган денесин үйдүн короосундагы сарайдан табылган.

Окуучунун суицидке барганы айтылууда. Милиция кырсыктын чоо-жайын текшерүүдө.