Омск-Ош түз авиакаттамы жабылды

10:17, 12 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Россиянын Омск шаарынан Ошко чейинки түш авиакаттам жабылды. Бул тууралуу ЖМК билдирди.

Маалыматка караганда, Ошко учактар толбогондуктан каттам токтотулду.

Белгилей кетсек, Ош-Омск каттамы 2021-жылы ачылган. Аны «Северный ветер» авиакомпаниясы ишке ашырып жаткан.